Оштун борбордук аянтында 11 миңден ашуун адам айт намазын окуду. Сүрөт

Майрамдык намазга жергиликтүү бийлик башчылары дагы катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында айт намаз борбордук аянтта окулуп, 11 миңден ашуун адам чогулду. Бул туурсында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 8

Ош шаарында айт намаз борбордук аянтта окулуп, 11 миңден ашуун адам чогулду

2 / 8

Майрамдык намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Джантаев, дин өкүлдөрү, аксакалдар, калаа тургундары жана коноктору катышты

3 / 8

Шаар башчы чогулган мусулмандарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктаган

4 / 8

Ош шаарында айт намаз борбордук аянтта окулуп, 11 миңден ашуун адам чогулду

5 / 8

Ош шаарында айт намаз борбордук аянтта окулуп, 11 миңден ашуун адам чогулду

6 / 8

Ош шаарында айт намаз борбордук аянтта окулуп, 11 миңден ашуун адам чогулду

7 / 8

Ош шаарында айт намаз борбордук аянтта окулуп, 11 миңден ашуун адам чогулду

8 / 8

Ош шаарында айт намаз борбордук аянтта окулуп, 11 миңден ашуун адам чогулду

Майрамдык намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Джантаев, дин өкүлдөрү, аксакалдар, калаа тургундары жана коноктору катышты.
Шаар башчы чогулган мусулмандарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктаган.

"Айт намазын окуп жатып ар бир момун мусулман Жараткандан жерибизге береке, жакындарына жана үй-бүлөсүнө бекем ден соолук жана аманчылык тилешет. Жакшы ниеттер менен дуба кылышат. Жалпыңыздарды өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан чын жүрөктөн Орозо айт майрамы менен куттуктайм. Жараткан ар бирибиздин кылган дубаларыбызды кабыл кылсын”, — деди Жетигенов.

Ошондой эле ал ар бир үйдө береке жана ынтымак болушун каалады.
Айтыңыздар маарек болсун! Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады