Нарында Орозо айт намазын окууга 10 миңдей адам чогулду. Сүрөт

Майрамдык намазга быйыл жылдагыдан көбүрөөк адам катышканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Нарын шаарында Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта Айт намаз окулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Белгилүү болгондой, майрамдык намазга жылдагыга караганда быйыл көбүрөөк адам катышып, келгендердин саны 10 миңге чукулдаган.
1 / 3

2 / 3

Айт намаздын алдында элге казыяттын өкүлү, Нарын шаарынын баш имам-хатиби Алмаз Талибакунов баян айтып берди.

3 / 3

Андан соң президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, шаар мэри Канболот Тутуев жана шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиевдер куттуктоо сөзүн айтты.

Ал эми облус казысы чогулгандарга айдын туура жаңырганын айтып, бүгүнкү майрамы менен куттуктап, айт намазын алып барды.
Оштун борбордук аянтында 11 миңден ашуун адам айт намазын окуду. Сүрөт