Бир ГЭС бүтө электе экинчиси башталчу. Ардагер энергетик Иманалиевдин видеомаеги

Кыргыз ССРинин өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Болот Иманалиев 50 жылдан ашык энергетика системасында эмгектенип, республикадагы бир катар гидроэлектр станцияларынын курулушун көзөмөлдөгөн. Ардагер энергетик Sputnik Кыргызстан агенттигине кенен маек куруп берди.
Sputnik
Балалыгы согуштун оор жылдарына туш болгон Болот Иманалиев Фрунзеде жогорку окуу жайды аяктаган соң, 23 жашында энергетика тармагына келип, 50 жылдык өмүрүн ушул багытка арнаган. Ал алгач Чүй облусундагы Аламүдүн чакан ГЭСтеринде, кийин Бишкек ЖЭБинде, Энергетика министрлигинде, кийин Ысык-Көлдө, Ошто аймактарды электрлештирүүгө катышкан. Андан соң кесипкөй адис Ош обкомунун биринчи катчысынын көзүнө илинип, 1970-жылы Иманалиев Токтогул ГЭСинин курулушунун директору болуп дайындалган. Ал кызматта узак убакыт иштеп Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин курулушун көзөмөлдөгөн.
Ардагер энергетик Болот Иманалиевдин айтымында, республикадагы ири гидроэлектростанцияларды курууда жумушчулар күнү-түнү иштеген.
"Ал кезде бир ГЭСтин курулушу бүтүп, кайра кийинкисин баштачубуз. Токтогул ГЭСинин курулушуна бир күндө 2 500дөй адам чыгып, кумурскадай болуп эки сменде күнү-түнү кыш-жай дебей иштечү. Токтогул ГЭСинен кийин Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСин нөлдөн баштап ишке киргизгем. Андан соң Камбар-Ата-2 гидроэлектр станциясынын курулушун 40 пайызга жеткиргем. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыкканбыз. Мен Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушунда 25 жылдай иштедим. Күрп-Сайды бүтсөк, кайра Таш-Көмүрдө иш башталып калчу. Таш-Көмүрдөгү курулушту 50-60 пайызга жеткиргенде, Шамалды-Сай ГЭСинде иш жанданчу. Жалпы Нарын дарыясында 19 ГЭС, Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз суусуна беш ГЭС курулмак. Тилекке каршы, союз тарап кеткенден кийин анын баары токтоп калды", — деди Иманалиев.
Кыргыз ССРинин өнөр жайынын эмгек сиңирген ишмери республикада убагында ири гидроэнергетикалык долбоорлордун ишке ашып калганы жакшы болгонун кошумчалайт.
"Биздин бактыбызга өзүбүздүн гидроэлектр станцияларбыз курулуп, алыскы айыл-кыштактарга чейин электр энергиясы жеткирилген. Эгер алар салынбаганда азыркы акыбалыбыз кандай болорун, кимге күнүбүз түшөрүн такыр элестете албайм. Азыр дагы мамлекет башындагылар ГЭС курууга ири каражат жумшашы керек", — деп кошумчалады ал.
87 жаштагы ардагер ушу тапта ардактуу эс алууда. Ал ошол эле маалда Кыргыз Республикасынын Энергетиктер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келет.
Тема боюнча:
Кемчилик кетсе Усубалиевден таяк жечүбүз. Экс-министр Орозалиев менен видеомаек
Усубалиев өзү текшерчү. Ири объектилердин архитектору Жумакалиев менен видеомаек