Таң заарда Жараткандан жакшылык сурап... Бишкектеги айт намаздан 14 сүрөт

Бишкектин эски аянтында бүгүн он миңдеген адам Орозо айт намазын окуду. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү катышты.
Sputnik
30 күндүк орозодон кийин келген Айт — мусулмандар үчүн негизи майрамдардын бири. Бул күнү алыскы-жакынкы туугандардан кабар алып, дүйнөдөн өтүп кеткен адамдарга куран түшүрүп, бири-биринин эски таарынычтарын кечиришет.
Мамлекет башчы да кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
1 / 14

Айт намазга келген мусулмандар эски аянтка толуп тегерек четине чейин жайылып кетти

2 / 14

Президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да келип, эл менен кошо намаз окушту

3 / 14

Адам көп чогулган жерде коопсуздукту камсыздоо — милиция кызматкерлеринин милдети

4 / 14

Намаз саат 7:30да башталды. Ага чейин аалымдар баяндарды, бийлик өкүлдөрү куттуктоолорун айтышты.

5 / 14

Жараткандан жакшылык сурагандар жаш-кары дебей таң заарда эле аянтка келе баштады

6 / 14

Орозо айт — элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам

7 / 14

Намазды муфтий Замир кары Ракиев алып барды

8 / 14

Аянтка жык-жыйма толгон элдин бир тарабынан гана тартылган кадр

9 / 14

Алдыңкы катарда бийлик башчылары, дин аалымдары турушту

10 / 14

Бул күн эл арасындагы бир туугандык сезимдерди арттырып, бири-бирине болгон сый-урматты күчөтөт

11 / 14

Орозо адамдарды чыдамкайлыкка, сабырдуулукка үйрөтөт

12 / 14

Орозо айт жан дүйнөнү аруулап, биримдикти, ынтымакты, кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тартуулайт

13 / 14

Намаздын аягында бата кылынып, мусулмандар Жараткандан изги тилектеринин аткарылышын сурайт

14 / 14

Айт күнү алыскы-жакынкы туугандардан кабар алып, дүйнөдөн өтүп кеткен адамдарга куран түшүрүп, бири-биринин эски таарынычтарын кечиришет

Тема боюнча:
Бишкектин аянтына батпай... Айт намазын окуган он миңдеген элдин видеосу
Айтыңыздар маарек болсун! Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады