Тыгылып, жөөлөшүп, кеминде 80 киши көз жумду. Йемендеги видео

Жергиликтүү ЖМКлар окуя бир нече ишкердин муктаждарга акча тараткан учурунда болгонун жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Йемендин борборундагы Сана шаарында кеминде 80 киши тыгылып, жөөлөшүүдөн каза таап, 150гө чукулу жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Борбордун Баб-эль-Яман районундагы мектепте жардам таратууда жаралган тыгылыш, жөөлөшүүдөн көз жумгандардын саны сексенге жетти. Алардын арасында балдар да бар. Ал эми жарадар болгондор 120га чукулдады", — деп айтып берген окуя туурасында агенттикке маалымат берген киши.
Ал жаракат алгандардын ичинен 20 чактысынын абалы оор болуп жатканын жана жабырлангандардын саны өсүшү мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Жергиликтүү ЖМКлар окуя бир нече ишкердин муктаждарга акча тараткан учурунда болгонун жазды. Тыгылып тургандар жөөлөшө баштаганда, элди тынчтандыруу үчүн кимдир бирөө асманга ок чыгарган. Ок электр өткөргүчкө тийип, андан соң жарылуу болгон. Дүрбөлөңгө түшкөндөр ар жакка качып, ал тыгылышты ого бетер күчөткөн. Көптөрү тебелендиде калган.
Йемендин полициясы жардам таратуу бийлик менен макулдашылбаганын билдирген. Мындан улам эки киши камакка алынып, иликтөө иштери башталды.
ЖМК: Сеулда Хеллоуинди майрамдайбыз деп 150дөй адам көз жумду. Видео