БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү алдыдагы үч күндүк дем алыш учурунда кандай график менен иштей турганын ИИМ түшүндүрүп берди.
21-апрель Орозо айт майрамына карата "Унаанын" бардык бөлүмдөрүндө жана секторлорунда дем алыш күн болуп эсептелет. Андыктан бул күнгө белгиленген айдоочулук курамды сынактан өткөрүү иш-чарасы 24-апрелге (ошол эле сааттарга) жылдырылат.
22-23-апрелде унааларды каттоо боюнча төмөнкү бөлүмдөр иштейт:
Бишкек, Ч. Валиханов, 2 дарегинде жайгашкан Бишкек шаардык бөлүм;
Бишкек, Б. Алыкулов, 3/10 дарегинде жайгашкан Батыш бөлүмү;
"РИОМ-Авто" автобазарында жайгашкан региондор аралык бөлүм;
Ош шаары, Навои, н/ж дарегинде жайгашкан Ош региондук бөлүмү;
Ош шаары, Көкүм-Бий, 168 дарегинде жайгашкан Ош-2 сектору;
Жалал-Абад шаары, Шопоков, 32 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад региондук бөлүмү.
Жогорудагы көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн бардыгы саат 08:30дан 17:30га чейин иш алып барат.