Темир Сариев: Россия — Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы орус жана кыргыз элин тамыры тереңге кеткен көп жылдык достук жана тарых бириктирерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш эле эмес, союздаш да болуп эсептелет. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргызстан менен Омск облусунун ишкерлеринин бизнес-форумунда айтты.
Ал орус жана кыргыз элин тамыры тереңге кеткен көп жылдык достук жана тарых бириктирерин белгиледи. Бул кызматташуу үчүн ар дайым ишенимдүү бекем негиз болуп келген жана эми дагы негиз боло бермекчи.
"Биз эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө умтулуп, экономикалык өз ара кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп келебиз. Россия чындыгында эле Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш эле эмес, 200 жылга чукул ирегелеш жашап келген жакын коңшу жана союздаш мамлекет", — деп билдирди Сариев.
Ал Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери өлкөлөр ортосундагы кызматташуу кеңейгендигин белгиледи.
Эскерте кетсек, 18-апрелде Кыргызстанга Россиянын Омск облусунан 19 компаниянын өкүлдөрү келген.
Россия Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады