Садыр Жапаров бир нече судьяны иштен бошотту

Бишкектин эки жана Ысык-Көлдүн бир судьясы жумуштан кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Иштен мөөнөтүнөн мурда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Калыбеков Урмат Анварбекович, Бишкек шаардык сотунун судьясы Өмүралиева Анара Медербековна жана Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Барынбаев Жеңишбек Базармаматович бошотулган.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Ибраимова Жылдыз Белековна отставкага кеткен.
Ош облусунун башчылыгына Элчибек Жантаев дайындалды