Президенттин администрациясына эки жаңы жетекчи келди

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президенттин администрациясына эки жаңы жетекчи келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Нурлан Сулайманкулов президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Ошондой эле Азамат Осмонов президенттик администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Садыр Жапаров бир нече судьяны иштен бошотту