Сариев: күнүнө өндүрүш ачам деген 2-3 россиялык делегация кабыл алам

Жетекчи буга чейин Россия Батыш менен экономикалык кызматташуусун бекемдеп келсе, санкциялар көп нерсени өзгөрткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өндүрүш ачууга кызыкдар болгон россиялык компаниялар менен сүйлөшүүлөр дээрлик күнүгө болууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргызстан менен Омск (Россия) облусунун ишкерлери арасында өтүп жаткан бизнес-форумда билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Россия Батыш менен экономикалык кызматташуусун бекемдеп келсе, санкциялар баарын өзгөрткөн. Эми товар, инвестиция жана башка көп нерсе нугун Азияга бурат.
"Биз Европа менен Азиянын ортосунда турабыз, тыгыз жана келечектүү алака түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Россия, ошондой эле Сибирь менен Омск облусунун потенциалын колдонбой көз жаздымда калтырууга болбойт", — деди Сариев.
Жетекчи Кыргызстан бул багытта бир топ артыкчылыктарга ээ экенин эске салган.
"Күнүгө ушул жерде ишкана ачып, Россияга жана башка мамлекеттерге товар жөнөтөм деген россиялык 2-3 делегацияны кабыл алып жатам", — деди Сариев.
Темир Сариев: Россия — Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы