Бишкек: 10го чукул мектепке бомба коюлганы кабарланып, ичиндегилер эвакуацияланды

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы № 62, 64, 52, 67, 32, 33, Seitek, Bishkek International School жана Oxford мектептерине бомба коюлду деген кабардан улам эвакуациялап жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.
1 / 4

Борбор калаадагы № 62, 64, 52, 67, 32, 33, Seitek, Bishkek International School жана Oxford мектептерине бомба коюлду деген кабардан улам эвакуациялап жатышат

2 / 4

Мектептердин бири милицияга бомба коюлганы тууралуу кабар келип түшкөнүн саат 7:29да айтып, кайрылышкан

3 / 4

Маалыматтан кийин милициянын тиешелүү топтору аталган жерлерге токтоосуз чыгып кетишкен

4 / 4

Бомба коюлду деген имараттар курчалып, мектептин администрациясы менен окуучулар коопсуз жайга чыгарылган.

Мектептердин бири милицияга бомба коюлганы тууралуу кабар келип түшкөнүн саат 7:29да айтып, кайрылышкан.
Маалыматтан кийин милициянын тиешелүү топтору аталган жерлерге токтоосуз чыгып кетишкен. Бомба коюлду деген имараттар курчалып, мектептин администрациясы менен окуучулар коопсуз жайга чыгарылган.
Тартип сактоочулар кененирээк маалыматты кечирээк берерин айтышты.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бомба коюлду деген мектептердин саны улам өсүп жатканын белгилешүүдө.
Бомба боюнча маалыматтан улам Бишкектин бир нече мектебинде эвакуация болду