Автобус оодарылган кырсыктан 18 окуучу жабыркап, төртөө реанимацияга түштү. Видео

Окуучулар бара жаткан автобусту артынан келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Манас" аэропортунун трассасындагы кырсыктан кеминде 18 бала жабыркаганын №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, төрт бала реанимацияга түштү, алардын бири оор абалда.
Ал эми Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Райымбек Султановдун берген маалыматына караганда, балдар Сокулуктагы "Атбашы" мектебинин окуучулары. Алар Лесной айылынан Манас айылына экинчи сменадагы окууга бара жатышкан.
Эске салсак, бүгүн, 20-апрелде, Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда автобус кырсыктады. Күбөлөрдүн айтымында, автобусту артынан келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн.
Токтогулда мугалимдер кырсыктап, бирөө каза тапты