Омск башчысынын орун басары: ишканалардын Кыргызстанга кызыгуусу артууда

Дмитрий Ушаков Кыргызстан маанилүү бизнес өнөктөш экенин, өткөн жылы Омск облусу менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү жогорку көрсөткүчкө жеткенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Россиянын Омск облусунун өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Ушаков менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Төрөбаев инвестиция тармагында жакшы өнүгүүлөр жана пландар бардыгын, бул жааттагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктары болуп агроөнөр жай тармагы, жашыл экономика, санариптештирүү, энергетика жана инфраструктуралык курулуш экенин белгиледи.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Россиянын Омск облусунун өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Ушаков менен жолукту.

2 / 4

Төрөбаев инвестиция тармагында жакшы өнүгүүлөр жана пландар бардыгын, бул жааттагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктары болуп агроөнөр жай тармагы, жашыл экономика, санариптештирүү, энергетика жана инфраструктуралык курулуш экенин белгиледи.

3 / 4

Дмитрий Ушаков Кыргызстан маанилүү бизнес өнөктөш экенин, өткөн жылы Омск облусу менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү жогорку көрсөткүчкө жеткенин айткан.

4 / 4

Ал ошондой эле "НПЦ ПРОМТЕХ" ЖЧК компаниясы Кыргызстанда вагон куруу, тетиктерди жасоо жана темир жол жабдуулары үчүн тетиктерди чыгаруу сыяктуу багыттар боюнча биргелешкен ишкана ачуу тууралуу макулдашууга жетишкенин кошумчалады.

"Кыргыз тарап буудайды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн импорттоого, кадрларды даярдоого жана айыл чарба тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар. Ал эми Кыргызстандын Омск облусуна кургатылган жемиштерди, жашылча-жемиштерди жана башка айыл чарба азыктарын, ошондой эле текстиль продукциясын экспорттоо үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар", — деди Төрөбаев.
Дмитрий Ушаков Кыргызстан маанилүү бизнес өнөктөш экенин, өткөн жылы Омск облусу менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү жогорку көрсөткүчкө жеткенин айткан.
"Бул жакшы динамика, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана ири долбоорлорду ишке ашыруу потенциалы түгөнө элек. Кыргызстан буга чейин эле алдыңкы 10 өнөктөш өлкөнүн катарына кирген. Омск ишканаларынын Кыргызстанга болгон кызыгуусу артууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө 70 ишкана иштейт, бул көрсөткүч дагы өсөт. Агроөнөр жай комплексинде, машина курууда жана логистикада долбоорлорду өнүктүрүүнүн келечеги бар", — деди Ушаков.
Ал ошондой эле "НПЦ ПРОМТЕХ" ЖЧК компаниясы Кыргызстанда вагон куруу, тетиктерди жасоо жана темир жол жабдуулары үчүн тетиктерди чыгаруу сыяктуу багыттар боюнча биргелешкен ишкана ачуу тууралуу макулдашууга жетишкенин кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Омск облусу менен Кыргызстандын аймактарынын ортосунда түз авиакаттамдары болсо, кызматташтыкты өнүктүрүүгө бир топ мүмкүнчүлүктөр пайда болмок дешти.
Кыргызстанга экономикалык санкция салынышы мүмкүнбү? Адистин жообу