Алгач бизнес-форум Ошто өтүп, макулдашуулар түзүлгөн. Бүгүн, 20-апрелде, ушундай эле иш-чара Бишкекте да өттү. Катышуучулар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык жана союздук мамиленин маанисине токтолушту.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев күнүгө өлкө аймагында ишкана ачууга кызыкдар болгон россиялык эки-үч делегацияны кабыл алып жатканын айтты.
"Биз Европа менен Азиянын ортосунда турабыз, тыгыз жана келечектүү алака түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Россия, ошондой эле Сибирь менен Омск облусунун потенциалын колдонбой көз жаздымда калтырууга болбойт", — деди Сариев.
Бизнес алака өрчүп жатат дегенге Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов да кошулат.
"Бизнес учурда Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстандын рыногуна багыт алууда", — деди ал.
Самановдун айтымында, буга эки өлкөнүн ишкерлери катышкан иш-чаралардын көбөйүшү далил.
Омск облусунун өкмөт башчысынын биринчи орун басары Дмитрий Ушаков аталган региондун компаниялары Кыргызстанга айрым товарларды жеткирүүгө даяр экенин, ошол эле учурда республикадан айыл чарба продукциясын алууга кызыкдар экенин айткан.
Андан кийин форумдун катышуучулары кыргызстандык компанияларды кыдырууга жөнөп кетишти.
Сапар 21-апрелде жыйынтыкталат.
Тема боюнча: