Өлкө аймагында "Коопсуздук — 2023" машыгуусу өткөрүлөт

Машыгуу түштүк аймактарында 25-27-апрель күндөрү уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Коопсуздук — 2023" аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
Аталган машыгуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында 25-27-апрель аралыгында уюштурулат.
Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, президенттин аталган облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Алай районунун, Кадамжай районунун жана Базар-Коргон районунун администрациясынын өкүлдөрү, ӨКМ, ИИМ жана УКМКнын аймактык бөлүктөрү катышат.
Кыргызстанда кыргыз-индиялык "Канжар–Х" машыгуусу аяктады. Сүрөт