Кыргызстанда автоунаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз парламенти 16-март күнү мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуу" ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Завод куруу боюнча макулдашууга 2023-жылдын 27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде кол коюлган. Ал эми кыргыз парламенти 16-март күнү мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.
Долбоор үч этап менен ишке ашырылат:
Кыргызстанда 500 жаңы жумуш ордун түзүп, 10 миңге чейин автоунаа өндүрүшүн SKD (ири түйүндүү чогултуу) методу менен уюштуруу;
1000 жаңы жумуш ордун түзүү менен 4-5 жылга 20 миңге чейин автоунаа чыгаруу жана автокомпоненттерди өндүрүү;
SKD өндүрүшүнөн кийин алтынчы жылы СKD (майда түйүндүү чогултуу) өндүрүшүн уюштуруу, бардыгы 30 миң автокөлүк.
Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койду