ӨКМ жаңы төрт автоунаалуу болду. Корея берген машиналардын сүрөтү

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түштүк Кореядан алып келинген төрт Тез жардам автоунаасы тапшырылды. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлады.
1 / 3

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түштүк Кореядан алып келинген төрт Тез жардам автоунаасы тапшырылды

2 / 3

Автоунаалар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин ортосунда буга чейин жетишилген макулдашуулардын негизинде келген

3 / 3

Техниканы Кореянын Кёнгидо провинциясынын Өрт өчүрүү башкармалыгы бөлдү.

Автоунаалар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин ортосунда буга чейин жетишилген макулдашуулардын негизинде келген. Техниканы Кореянын Кёнгидо провинциясынын Өрт өчүрүү башкармалыгы бөлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кёнгидо провинциясынын аталган башкармалыгына жана Кореянын социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнө бул жардам үчүн ыраазылык билдирди.
Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү машиналарды тапшырды. Видео