Акыркы бир жумада өлкөдө кене чаккан 60 учур катталды. Чүй облусунун Бишкек шаарында 28 учур катталган, төрт кишини вирус алып жүргөн кене чаккандыктан алар иммуноглобулин алышты. Бул тууралуу Жумагүл Усубалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чаккан кенени лабораторияга изилдөөгө берип, кайсы ооруларды жуктурушу мүмкүндүгүн аныктоо зарыл.
"Кене жаздын биринчи айынан баштап күздүн аягына чейин активдүү болот. Анда кооптуу оору козгогучтар (энцефалит, боррелиоз, анаплазмоз ж.б.) бар. Мисалы, кене энцефалити мээни, жүлүндү жабыркатып, адамды шал кылып, кээде өлүмгө кептейт. Кыргызстанда кененин 20га жакын түрү бар, бирок анын баары эле кооптуу эмес. Андыктан чаккан кенени лабораторияга изилдөөгө берип, кайсы ооруларды жуктурушу мүмкүндүгүн аныктоо зарыл. Булардын ичинен тайга кенеси өлкөдө кеңири тараган. Ооруну вирустук кене энцефалити байырлаган аймактарга барганда, кене жабышкан жаныбарлардан, кене чаккан эчки, уйдун чийки сүтүн пайдаланууда да жугат. Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнаткандан кийин гана ичүү керек. Кене чаккандан кийин тезинен медициналык жардам алуу зарыл. Эгерде кенеде вирус болсо үч күндүн ичинде иммуноглобулин сайылышы зарыл. Ал эми кене вирустук энцефалитке каршы профилактикалык эмдөөлөр кене очокторуна жумушка же окууга барган тобокел тобундагы адамдарга (токойчулар, корукчулар, чабандар, студенттер) акысыз жүргүзүлөт", — деди Усубалиева.
Ал кене көп жерге барганда жакасы, жеңи жабылган кийим кийип, денесин, кийимдерди улам-улам карап туруу керектигин кошумчалады.