Улуттук борбор кыйноолор эң көп катталган милиция бөлүмдөрүн атады

Кыйноолордун жалпы санынын 53 пайызы Бишкек менен Чүйдө катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Былтыр укук коргоо органдары тарабынан жасалган кыйноо боюнча 178 арыз түшүп, 19у боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков парламентте билдирди.
Анын айтымында, кыйноолордун 53 пайызы Бишкек менен Чүйдө катталган. Андан кийин Ош облусу турат (26 пайыз).
Улуттук борбор кыйноо фактылары эң көп катталган милиция бөлүмдөрүн атады:
1.
Бишкектин Октябрь РИИБи;
2.
Бишкектин Биринчи май РИИБи;
3.
Бишкектин Свердлов РИИБи;
4.
Чүй облусунун Сокулук РИИБи;
5.
Чүй облусунун Аламүдүн РИИБи;
6.
Ош шаардык милициясы;
7.
Ош облусунун Өзгөн РИИБи;
8.
Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи.
Милиционерлер 20 жаштагы жигитти сабап, "зордуктайбыз" деп коркуткан. Сүрөт