Кустуруудан пайда аз. Депутат паракорлукту токтотуунун башка жолун сунуштады

Эл өкүлү камагандан, кустургандан пайда азыраак деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бийликке паракорлукту токтотуунун башка жолун кароону сунуштады.
"Кустуруу иштери болуп пара алгандарды камап, кармап деле жатат. Бирок токтобой күн сайын эле чыгууда. Прокурору деле, милициясы деле, чиновник, мэрлер деле кармалып жатат. Ушул эмнеден улам болуп жатат, бир анализдебейлиби. Камагандан, кустургандан пайда азыраак болот экен. Башка жолдору бардыр, балким, таалим-тарбия компонентин өнүктүрүш керек мектептерде. Башкачараак мамиле кылыш керек", — деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал Кыргызстан кылмыштуулуктун деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 38-орунга чыкканына нааразы болду. Ал эми Казакстан 48, Өзбекстан 102-орунда турат. Депутат күч органдарына тапшырма берип, эмнеден улам мындай болуп жатканын анализдөөгө чакырды.
Кадырбековдун айтымында, эгер абал жакшырбаса инвесторду мындай кой, туристтерди качырып алыш эч кеп эмес.
Жапаров: "Аюну" 2,5 жылдан бери эркелеттик, укпады. Завод мамлекетке өтүп жатат