Бишкектин борбордук көчөлөрү Айт намаз учурунда жабылат. Тизме

ЖКККББ жогоруда айтылган көчөлөргө автоунааларды токтотпоого чакырат. Антпесе машиналар эвакуацияланат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең, 21-апрелде, Айт намаздан улам Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Айт намаз эски аянтта (Абдымомунов көчөсүндө) окулат. Төмөнкү жолдор эртең мененки саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат:
Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Тыныстановго чейинки бөлүгү;
Панфилов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки бөлүгү;
Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки бөлүгү;
Чүй проспектисинин Тыныстанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгү.
Айт намазга келгендер текшерилет. ЖКККББ жогоруда айтылган көчөлөргө автоунааларды токтотпоого чакырат. Антпесе машиналар эвакуацияланат.
Ошто Айт намаз борбордук аянтта өтөт