"Манас" аэропортуна кеткен жолдо үрөй учурган жол кырсык болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда автобус кырсыктады.
Күбөлөрдүн айтымында, автобусту артынан келе жаткан Go BUS маршруткасы (видеодо талаада турган унаа) сүзгөн. Автобустун ичинде он чакты бала болгон.
Тез жардам кызматы балдар №1 шаардык ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Алардын абалы тууралуу башка маалымат айтыла элек.
Токтогулда мугалимдер кырсыктап, бирөө каза тапты