Радио

Экономист: Евразия чөлкөмүнүн өзүн азык-түлүк менен камсыздоо потенциалы чоң

Экономист Нургүл Акимова Евразиялык чөлкөм өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоодо толук көз карандысыздыкка жете электигин белгиледи.
Sputnik
Евразиялык чөлкөмдүн азык-түлүк менен камсыздоо үчүн потенциалы кеңири. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган аймакта дүйнөдөгү калктын үч пайызы, ал эми айыл чарба жерлеринин 10 пайызы жайгашкан.
"БУУ ачарчылыкты азайтууга максат койгон. Ага ЕАЭБ өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан дагы тилектештигин билдирген. Тилекке каршы, бул максат ишке ашпай, ачкачылыкта жашагандардын саны жыл санап өсүүдө. Мурда 400 миллион адам ачарчылыкта жашаса, азыр 800 миллионго жетти. Ошондуктан ар бир аймак, өлкө өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздай алабы деген суроо бериши керек. Евразиялык өнүктүрүү банкы мына ушул багытта ЕАЭБ мамлекеттери, Өзбекстан, Тажикстанды кошуп Евразиялык чөлкөм деп изилдөө жүргүзгөн. Ага ылайык, аталган аймакта соңку үч жылдын аралыгында жумуртка, картошка, дан өсүмдүктөрү боюнча экспортто өсүш бар. Ал эми техника, үрөндү селекциялоо жаатында импорт көбөйүүдө. Бул кайсы бир деңгээлде сырттан көз карандылыкты пайда кылат дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле Евразиялык чөлкөмдө дүйнөдөгү калктын үч пайызы, ал эми айыл чарба жерлеринин 10 пайызы бар. Бул үч эсе көп ресурс бар дегенди билдирет. Аны колдонуу үчүн кооперацияларды түзүүнү күчөтүү зарыл. Себеби өндүрүш канчалык чоң болсо чыгым ошончолук аз болуп, баа дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук берет", — деди ؙАкимова.
Ошондой эле ал соңку жылдардагы окуялар (пандемия, геосаясий жагдай, соода тирештери) баалардын өсүшүнө түрткү бергенин кошумчалады.