БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына (БАЭ) болгон жумуш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин вице-президенти, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, президенттин иштери боюнча министр Шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланган.
Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын октябрында БАЭге болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун маселелери каралганы айтылды. Инвестициялык кызматташуу маселелеринде Кыргызстандын экономикасына тартылган эмираттык инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүнүн жогорку динамикасын, энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну белгилешкен. Бул багытта БАЭнин "Masdar" компаниясынын Кыргызстанда күн электр станциясын куруу долбоору, ошондой эле бир катар инвестициялык долбоорлор тууралуу кеп болгон.
Тараптар мындан сырткары биргелешип түзүлгөн "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун мындан ары иштөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушкан.