Радио

Ибраева: аймактарда 1930-жылы салынган ооруканалар бар

Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева аймактардагы ооруканалардын абалына токтолду.
Sputnik
Региондордо 1930-1950-жылдары салынган ооруканалар бар. Бул тууралуу Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактардагы ооруканалардын көбү кайра курууга муктаж.
"Бүгүнкү күндө алыскы аймактагы ооруканалардын абалын жалпы жонунан жакшы деп айтуудан алысмын. Имараттардын эскилиги жеткен. Мисал катары айта турган болсом, 1930-1950-жылдары салынган ооруканалар бар. Учурда каражаттын жетишсиздигинен улам алар жаңыланбай турат. Бирок жакында эле райондор боюнча текшерүүлөр жүрүп, кайсы оорукананы кайра куруу керектиги жана кайсы ооруканага ремонт жасаса болору аныкталды. Эми бул боюнча жыйынтык көргөзүүгө аракет жасалууда. Калкы көп жайгашкан жана имараттардын эскилигине жараша эң биринчи кезекте өтө муктаж болгон жерлерди ондоп-түзөө пландалууда. Пандемия учуру өлкөбүздөгү медициналык абалды ачык-айкын көрсөтүп койгону баарыбызга маалым", — деди Ибраева.
Ал соңку учурларда эл аралык уюмдардын жардамы менен аймактардагы ооруканалар заманбап жабдыктар менен толукталып жатканын кошумчалады.