26-апрелде Бишкектин бир топ жеринде муздак суу өчүрүлөт. Карта

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаанын бир топ жеринде 26-апрель күнү саат 9:00-19:00 арасында иче турган суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган иштер "Советский" суу кампасындагы оңдоо иштеринен улам болуп жатканы айтылды. Бул күнү эл жашаган үйлөрдөн сырткары өнөр жай жана социалдык имараттар да суусуз калат.
Сууну чектөө Суеркулов — Тыныстанов — Ахунбаев — Медеров — Радищев — Лев Толстой — Жукеев-Пудовкин — Ахунбаев — Элебаев — Байтик баатыр көчөлөрүн жана Ала-Арча дарыясы өткөн жерди камтыйт (жогоруда болжолдуу картасы көрсөтүлгөн).
"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, элден суу камдап алууну өтүнгөн.
Күн сууктап, катуу жаан жаайт. Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы