21-апрелге карата аба ырайы

21-апрелге караган түнү Чүй, Ош жергесинин тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт жана жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жумада күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас өрөөнүндө +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көлдө +10...+15, ал эми Нарында +11...+16 градуска жетет.
Бул күнү Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15...+17, Ошто +23...+25 градуска жогорулайт.
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы