Патрулдук милицияга жаңы кызматкерлер керек. Талаптар

Документтер 19-майга чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык патрулдук милициясынын кенже жетекчилик курамына кызматкерлер керек. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлады.
Негизги талаптар: 19 жаштан 30 жашка чейин, жогорку, орто юридикалык же кесиптик (жол кыймылы чөйрөсүндө) билими болушу керек. Ошондой эле А, А1, В, В1, С, С1 категориялары боюнча айдоочулук күбөлүк талап кылынат.
Документтердин тизмеси:
арыз;
кадрларды эсепке алуу баракчасы/анкетасы;
эки нускада өмүр баяны (колго жазган жана компьютерде терилген);
автобиографиялык эссе;
тиешелүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктаган документтердин көчүрмөсү, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен аларга тиркемелер (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирген жарандардан тышкары), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн;
аскердик билеттин көчүрмөсү (эркектер үчүн);
паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурста көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (бар болсо) жана нике күбөлүгү (никеси болсо);
укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык корутундусу;
кеминде үч сунуш кат;
сүрөттөр 9⨯12 (1 даана) жана 3⨯4 (4 даана).
Документтер 19-майга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясында кабыл алынат. Дареги: Чокан Валиханов көчөсү, 1а. Маалымат үчүн телефондор: (0312) 63-12-75 (жумушчу топ), (0312) 63-09-00, (0312) 63-09-01 (нөөмөт бөлүмү).
Кыргызстандыктар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамдуу жумуш табуунун жолу