Урмат Самаев 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды

Мэрдин коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев 1-июнга чейин тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Мэрдин баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечими чыккан.
Белгилей кетсек, Самаев 17-апрелде мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган. Атайын кызмат ал "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экени аныкталганын билдирген.
УКМК Урмат Самаевди кармаган видеосун жарыялап, болгон мал-мүлкүн көрсөттү