БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда тез төлөм системасын (ТТС) киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Улуттук банк бекиткен "2023-2027-жылдарга карата төлөм системасын өнүктүрүү боюнча негизги багыттар" аттуу документте айтылат.
Башкы банк төлөм системасын модернизациялоо жана функцияларын кеңейтүү үчүн системага жалпы талаптар иштелип чыкканын белгилеген. ТТС коммерциялык банктардын кардарлары ортосунда төлөм жүргүзүүгө шарт түзөт.
Мөөнөтү:
2023-2024-жылдары — КРге тез төлөм системасын киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
2024-2025-жылдары — ТТСтин инфраструктурасын өнүктүрүү.
Эмне үчүн маанилүү?
Салыштыруу үчүн Россиянын ТТСин алалы. Анда система башка банктарга дароо телефон номер аркылуу акысыз акча которууга жол берет.
Ал эми Кыргызстанда болсо бир банктын картасынан экинчи банктын картасына которуу оңой эмес ("Элкартты" эске албаганда). Көпчүлүк учурда ортомчу катары мобилдик капчыктарды колдонууга туура келет.