Стамбулдагы террордук уюмга тиешелүү өзбекстандыктар Оштон кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Оштон Өзбекстан издөөгө алган, "Тавхид ва жихад катибаси" террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар өзбекстандык эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
М.З. жана М.Ф. аттуу бул эки адамды Кыргызстандын атайын кызматы эки күн мурда колго түшүргөн.
"Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Бул факты боюнча Ош шаары, Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү") боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. М.З. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды", — деп билдирди УКМКдан.
Аталган комитеттен учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Сирияга бармак. КРдин чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик кармалды