БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев пандемия, антироссиялык, антибеларустук санкция сыяктуу тышкы таасирлер майнаптуу болуп, ЕАЭБде интеграцияны бекемдөөгө жакшы түрткү берди.
Ал Россиянын ЕАЭБге төрагалыгынын приоритеттери каралган парламенттик угууда негизги докладчы катары чыккан. Иш-чара 18-апрелде Мамлекеттик думанын КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин демилгеси менен өткөн. Ага депутаттардан сырткары Россия өкмөтүнүн аппаратынын, ЕЭКтин, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн дипломатиялык корпустарынын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышкан.
"Өз ара соода үлүшү 2022-жылы 14 пайызга, ал эми 2021-жылы үчтөн бирге өскөн. Башкача айтканда, тышкы кырдаал канчалык начар болсо, интеграцияны бекемдөөгө жана өз ара сооданы кеңейтүүгө, атаандаштык артыкчылыктарды айкалыштырууга, тышкы таасирлерге ыңгайлашуу үчүн бирдиктүү экономикалык мейкиндикти колдонууга түрткү болгон нерселер ошончолук көбөйөт. Товар айлануу арбып, 2022-жылы бир триллионго жакын долларды түзгөн, ал эми импорт пандемияга чейинки деңгээлине келген", — деген Глазьев.
ЕЭК министри сооданын түзүмүндө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун кошумчалады. Европа биримдигинин ролу кескин кыскарып, аны менен катар эле чыгыш жана түштүк өнөктөштөр менен сооданын гүлдөп өсүп баратканы байкалууда.
"Кытай менен товар алмашуунун көлөмү 220 миллиард долларга жакындап, башкы соода өнөктөшүбүз болуп калды", — деген ал.
Мындан сырткары, Индия менен үч эсеге, Иран менен эки эсеге өсүп, Түркия менен сооданын салыштырма көлөмү да эки эседен ашык көбөйгөн.