УКМК: 10 салыкчы кармалып, мамлекеттик бюджетке 100 млн. сом кайтарылды

Улуттук коопсуздук комитети Салык кызматынын 10 инспектору менен жеке компаниянын үч жетекчисин кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция иши боюнча бюджетке 100 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Буга чейин УКМК салык системасындагы коррупция боюнча изилдөө жүргүзүп жатканы, анын алкагында 10 инспектор менен жеке компаниянын үч жетекчиси кармалганы кабарланган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Салык кызматынын инспекторлорунун кылмыштуу аракеттери тууралуу маалымат алынган. Ага ылайык, инспекторлор "Ф" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып салыктын суммасын бир нече ирет кыскартып, мамлекеттик бюджетке 3,3 миллион сом гана которуп коюшкан.
Комплекстик ыкчам тергөө амалдарынын жыйынтыгында кызмат адамдары менен "Ф" компаниясынын өкүлдөрү мамлекетке 100 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталган. Бул сумма толук түрдө бюджетке кайтарылды.
Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Сүрөт