Радио

"Өлбөс полк" жүрүшүнө 60 миңден ашык адамдын катышары күтүлүүдө

Афганистан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев Кыргызстанда өткөн "Өлбөс полк" жүрүшү КМШ өлкөлөрү арасында эң ири жана эл көп катышкан акциялардын катарында экендигин айтты.
Sputnik
"Өлбөс полк" акциясына буга чейин 50-60 миңден ашык адам катышып келген. Быйыл дагы былтыркы көрсөткүчкө жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Өлбөс полк" акциясы 2014-жылы башталып, ага 500дөй адам катышып, жүрүш башталган.

"Өлбөс полк" акциясы 2014-жылы башталып, ага 500дөй адам катышкан. Жүрүшкө афган жана Баткен согушунун ардагерлери, мектеп окуучулары чыккан эле. Кийинки жылы катышуучулардын саны миңден ашып, жылдан жылга көбөйүүдө. Улуу Ата Мекендик согушта баатырлык көрсөткөн аталарыбызды, апаларыбызды даңктап, алардын эрдигин кийинки муунга жеткирип туруу абзел. Андыктан бул акциянын мааниси жогору экени шексиз. Алсак, Кыргызстанда өткөн "Өлбөс полк" жүрүшү КМШ өлкөлөрү арасында эң ири жана эл көп катышкан акциялардын катарында турат. Буга чейин 50-60 миңден ашык адам катышып келген. Быйыл дагы былтыркы көрсөткүчкө жетери күтүлүүдө", — деди Ункуев.

Ошондой эле адис мектепте аскерге чейинки даярдык сабагына көңүл буруп, окуу китептерин түзүү керектигин кошумчалады.