Бишкектеги окуучулардын митингинен кийин №1 мектептин мугалимдери иштен алынды

Окуяга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы көңүлүн буруп, сынга алган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Окуучулардын митингинен кийин №1 гимназия-интернатындагы педагогикалык курамдагы мугалимдердин бардыгы иштен алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Говори ТВ" маалымат каражатына билдирди.
Ал бийлик балдарды "арзан курал" катары колдонууга жол бербей турганын айтты.
"Буга чейин биз гимназия-интернатынын мугалимдерин башка мектептерге бөлүштүрүп, жумуш менен камсыз кылалы деп ойлогонбуз. Бирок бул окуядан кийин баары иштен алынды. Укук коргоо органдарына балдарды чууга аралаштыргандарды жоопкерчиликке тартуу тапшырылды", — деди Байсалов.
Эске салсак, кечээ күнү аталган интернат-гимназиясынын окуучулары эртең менен сабак окугандын ордуна кире беришке тизилип, жаңы дайындалган директордун иштешине каршылыгын билдиришкен. Алар "Келбесин!" деп кыйкырып, түрдүү плакаттарды көтөрүп митингге чыгышкан. Окуяга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы көңүлүн буруп, сынга алган.
Бомба боюнча маалыматтан улам Бишкектин бир нече мектебинде эвакуация болду