Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Украинанын Крымды кайтаруу боюнча билдирүүсүнө пикирин айтты

Россиянын тышкы саясат боюнча ведомство башчысы бир дагы өлкө өз коопсуздугун башкалардын эсебинен бекемдеп, башкаларга коркунуч жаратпашы керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Киев режиминин Крымды кайтаруу боюнча билдирүүсү демагогикалык маанайда, ал эми украиналык жана башка чатактар коопсуздуктун бөлүнгүс принцибинин негизинде чечилиши керек. Бул тууралуу Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
"Зеленскийдин режиминин өкүлдөрү жакында эле жасаган билдирүүнү эстейличи. Алар Крымды сөзсүз кайтарып берүүнү талап кылып, бул ишке ашары менен Крымдагы орус тилин жана орус маданиятын жоюп, ал жакта глобалдуу жана украин маданияты үстөмдүк кыларына кубануу менен убада беришкен", — деди Лавров Венесуэла ТИМ жетекчиси Иван Хиль Пинт менен бирге маалымат жыйын өткөрүп жатканда.
Россия ТИМ башчысы мындай нерселер глобалдуу маданиятта жүрүп жаткандыгын белгиледи.
"Буга чейин деле көргөнбүз, билип турабыз, мындай билдирүүлөрдүн максаты, төркүнү түшүнүктүү", — деп кошумчалаган ал.
Лавров Россия Венесуэла тарап менен Украинадагы жана башка чатактарды БУУнун уставындагы принциптердин негизинде жөнгө салуунун жактоочусу болуп келе жаткандыгын белгилеген.
"Бир дагы өлкө, ким гана болбосун, өз коопсуздугун башкалардын эсебинен бекемдеп, башкаларга коркунуч жаратпашы керек", — деген ТИМ башчысы.
Украинанын жана Батыштын аскерий эксперттери, саясатчылары Запорожье облусун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн сокку урчу багыттарынын бири катары бир нече жолу атап, андан кийин Крымга кетчү кургактык коридорун кесип салууну айтышууда.
Бул аймакта Россиянын башка жаңы субъектилериндей эле Киев режими тарабынан болчу ар кандай кадамдарга даяр экени бир нече жолу белгиленген.
Крымдын Россияга кошулушуна 9 жыл болду. Тарыхый видео