Кыргызстанда банктардын жылдык кирешеси дээрлик 2 эсе көбөйдү

Өлкөдөгү коммерциялык банктар узаган жылы 92,6 миллиард сомдук киреше тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Финансы секторундагы уюмдардын кирешесинин көлөмү былтыр 106 миллиард сомго чукулдап, 2021-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Ошол эле учурда чыгымдары 1,5 эсеге өсүп, 67,1 миллиард сомду түзгөн.
Кыргызстанда жалпысынан 635 финансылык уюм иш алып барат. Анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 594 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд бар. Пайданын өсүшүнүн жалпы суммасынын дээрлик 97 пайызы банк секторуна туура келген.
Финансы уюмдарынын былтыр тапкан кирешеси, кашаанын ичинде 2021-жылдагысы көрсөтүлгөн:
Банктар — 92 миллиард 597 миллион сом (52 миллиард 67 миллион);
Күрөөканалар — 1,13 миллиард (1,31 миллион);
Кредиттик союздар — 237,5 миллион (240,4 миллион);
Микрокредиттик уюмдар — 9,1 миллиард (8 миллиард);
Камсыздандыруу уюмдар — 2,85 миллиард (1,58 миллиард);
Инвестициялык фонддор — 6 миллион (5,9 миллион);
Башка уюмдар — 50,6 миллион (51,9 миллион).
2022-жылдын аягына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 238,5 миллиард сомду түздү. Кредиттер соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 26 пайызы), керектөө муктаждыктары (20 пайыз), айыл чарбасы (18 пайыз), ипотека (11 пайыз) жана курулуш (6,5 пайыз) тармагына берилген.
Кыргызстанда баа 3,2%га өстү. Башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө абал кандай