Кыргызстанга 300 млн. сомдук алтын алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Казакстан менен чектешкен жердеги "Ак-Жол" чек ара бекетинен JAC үлгүсүндөгү автоунаа 84 килограммга жакын 300 миллион сомдук алтын менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, товардын ЕАЭБдин талаптарына ылайык документтери болгон эмес. Автоунаа Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан.
Тергөө иш-чараларынын алкагында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.
Алтын кенде иштеп сууга түшүп кеткен айдоочунун сөөгүн алып чыгышты