Ким Чен Ын: Түндүк Корея дүйнөлүк космостук держава болот

Ал космостук зор индустрия өлкөнү экономикалык өнүгүүгө алып чыгып кетиши керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын партия менен өкмөт мамлекетин дүйнөлүк космостук держава кылууга умтулуп жаткандыгын жар салган. Бул тууралуу РИА Новости Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттигине таянып билдирди.
"Ким Чен Ын билим берүү жана илим изилдөө мекемелеринин жоопкерчиликтүү кызматкерлери, Корея элдик армиясынын Башкы чалгын башкармалыгынын алдындагы Техникалык чалгын башкармалыгынын командалык курамы менен биргеликте 18-апрелде Космосту өздөштүрүү боюнча мамлекеттик башкармалыкка барды. Аны Коргонуу боюнча улуттук академиянын жана аталган башкармалыктын жетекчилери тосуп алды", — деп билдирген агенттик.
Түндүк Корея лидери Космостук илимдер академиясын жана космостук шарттагы сыноолорду жасаган базаны кыдырган. Ким Чен Ын космосту өздөштүрүү жана бул тармактагы бардык долбоорлор дүйнөдөгү күчтүү экономикалык жана илимий техникалык держава болуу, мамлекеттик кубаттуулугун көрсөтүү үчүн зарыл экенин белгилеген.
Ал космостук зор индустрия өлкөнү экономикалык өнүгүүгө алып чыгып кетиши үчүн космосту өз алдынча өздөштүрүүнү уланта берүү керектигине токтолгон.
"Ким Чен Ын партия менен өкмөттүн максаты Түндүк Корея дүйнөлүк космостук державага айландыруу экенин, ал үчүн азыркы учурда космосту өздөштүрүү боюнча алдыңкы жана маанилүү делген пландарды ишке ашырууну камсыздоо зарылдыгын айткан. Бул космостук тармакты өнүктүрүү үчүн жасалат", — деп билдирген агенттик.
Ким Чен Ын Корея климаттык кырсыктарга тез реакция кылуу үчүн байланыш, гидрометеорологиялык жана Жерди байкаган спутниктерге ээ болууну негизги максаттардын бири катары белгилеген. Муну менен элдик чарбаны өнүктүрүүгө болорун айткан.
Ким Чен Ын: Түндүк Кореянын максаты — дүйнөдөгү эң күчтүү өзөктүк күчкө ээ болуу