Керчте энергосистема объектисине жасалчу диверсияга шектүү кармалды. Видео

Күч түзүмдөрү 52 жаштагы кишини кармап, жашаган жерин тинткенде колго жасалган жарылуучу зат чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Керчтин күч түзүмдөрү Крымдын энергосистема объектисине жасалчу диверсияны алдын алып, шектүүнү кармады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жарым аралдын энергосистема объектисине диверсия жасоого даярдыктын алдын алышты. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кылмыштуу бул иштерге катыштыгы бар Россиянын, Украинанын 52 жаштагы тургуну кармалды", — деп айтылган маалыматта.
Шектүүнүн жашаган жерин тинте келгенде колго жасалган жарылуучу заттар, "Украинаны атайын кызматынын өкүлдөрү менен анын кылмыштуу ишин координация кылууда жазышып, байланышып турган каражаттар" алынган.
Шектүү кармалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн: диверсиялык аракеттер убагында токтотулат