БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бир район менен үч айылдын аталышын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койду.
Мыйзамдын тексти 18-апрелде чыккан "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, Талас облусундагы Кара-Буура району Айтматов району болуп өзгөрмөкчү. Эскерте кетсек, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөкул Айтматов менен эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов аталган райондун Шекер айылында туулушкан;
Нарын облусунун Кош-Дөбө айыл аймагы эми Ормон хан айыл аймагы деп аталат. Ормон 1845-1854-жылдары түндүк кыргыздарынын ханы болгон;
Ноокаттагы Борбаш айылы Кайрагач аталышын алат;
Кара-Буура районундагы Чымгент айылы эми Чолпонбай айылы болот. СССРдин баатыры Чолпонбай Түлөбердиев аталган айылда жарыкка келген.
Бийлик мындай кадам тарыхый инсандардын атын түбөлүккө калтыруу үчүн жасалып жатканын айткан.
Аталыштарды өзгөртүүгө 8 миллион сом керектелет. Каражат жергиликтүү бюджет жана демилгени көтөргөндөр тарабынан бөлүнмөкчү.