Радио

Суу ресурсун эффективдүү башкаруу үчүн бассейндик кеңештер түзүлөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси Эркинбек Абдрасулов бассейндик кеңеш эмнеге түзүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Суу ресурстарын эффективдүү башкаруу үчүн бассейндик кеңештерди түзүү пландалууда. Бул тууралуу Эркинбек Абдрасулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн аймагында беш бассейндин чек арасы бекитилген.
"Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Учурдагы климат, демографиянын өзгөрүшү аталган ресурсту пайдалануунун өсүшүн шарттоодо. Натыйжада сууга аяр мамиле жасоо зарылдыгы келип чыкты. Суу ресурстарын башкаруу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөн. Ошондой эле президенттин суу жана жер ресурстарынын улуттук кеңешин түзүү боюнча буйругу кабыл алынган. Ага ылайык, былтыр 18-ноябрда кеңештин жыйыны өтүп, 2040-жылга чейинки суу стратегиясы, бассейндик чек араларды бекитүү жана жер ресурстарынын абалы боюнча маселелер күн тартибинде талкууланган. Өлкөдө суу ресурстарын беш гидрографиялык бассейнге бөлүп башкаруу каралган. Мөңгүдөн тартып өлкөнүн чек арасына чейинки суу ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча комплекстүү иш алып баруу үчүн бассейндик кеңештерди түзүү мерчемделүүдө. Анын курамына ӨКМ, Айыл чарба, Энергетика, Саламаттык сактоо министрликтеринен, гидрогеология, гидрометеорология жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн, жеке тараптардан кирет", — деди Абдрасулов.
Ошондой эле ал аталган кеңеш коомдук болуп саналарын кошумчалады.