БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Парламентте акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу маселеси каралууда.
Ал бүгүн Акыйкатчы институтунун 2022-жылы аткарылган иши боюнча баяндама жасаган. Бирок депутаттар аны жактырган жок.
Андан соң төрага Нурланбек Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун киргизгенин жарыя кылды.
"Регламент боюнча сунушту маалымат катары жеткирдим. Ал тиешелүү комитет жети күндөн кем эмес убакытта чечимди карап, пленардык жыйынга алып чыгат. Ошонун негизинде акыркы чечим кабыл алынат", — деди Шакиев.
Бирок отставкага кетирүүгө эмне себеп болгону айтылган жок.
Белгилей кетсек, Конституция боюнча Жогорку Кеңеш акыйкатчыны дайындоо жана мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу. Жылына бир жолу жасаган иши тууралуу баяндамасын угат.