Пресс-борбор

"Афганчы" ардагер: жаш муунга Улуу Жеңиштеги эрдиктерди айтууга милдеттүүбүз

Ункуев "Өлбөс полк" кыймылын түзүү мезгилдин талабы болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш тууралуу эскерүүлөрдү кийинки муунга өткөрүп берүү биздин түздөн-түз милдетибиз. Бул тууралуу Афган согушунун жана башка согуштук жаңжал ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда "Быйыл Кыргызстанда "Өлбөс полк" кандай өтөт" аталышында брифингге катышкан.
Ункуев "Өлбөс полк" кыймылын түзүү мезгилдин талабы болгонун белгиледи.

"Биздин түздөн-түз милдетибиз — өз учурунда мекенди коргогон ата-бабалар, 9-Май, Улуу Жеңиш күнү тууралуу маалыматтарды муундан-муунга өткөрүү. Ал баарыбызга тиешелүү", — деди афган согушунун ардагери.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жеңиш майрамында салтка айланган "Өлбөс полк" акциясына даярдык башталды. Бишкекте жүрүш 9-Майда саат 10:00дө башталып, катышуучулар Түштүк дарбазадан "Жеңиш" аянтына чейин келишет.
Бишкекте 9-май күнү "Өлбөс полктун" жүрүшү өтөт