УКМК Урмат Самаевди кармаган видеосун жарыялап, болгон мал-мүлкүн көрсөттү

Мэр 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалган видеосун жарыялады.
Кадрдан анын Чүй айылындагы ири участкасы менен үйүн, Токмок шаарындагы коммерциялык объектилерин, Ак-Бешим айылындагы балык чарбасын, сарай комплексин, мончосун көрүүгө болот.
УКМК буга чейин Самаев "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталганын кабарлаган.
Кабинетке "агылган" акча. Санэпид кызматкерлеринин пара менен кармалган видеосу