Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Сүрөт

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалганын УКМК кабарлады.
1 / 4

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалганын УКМК кабарлады

2 / 4

Маалыматта калаа башчысынын "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылат

3 / 4

Тагыраагы, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы катталып, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Самаевге берилип турган

4 / 4

Мэр 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматта калаа башчысынын "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылат. Тагыраагы, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы катталып, келтирилген зыян алдын ала алынган маалыматтар боюнча 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн. Мыйзамсыз аракеттен түшкөн каражаттын бир бөлүгү Самаевге берилип турган.

"Жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулушун текшерүү учурунда 55 миллион сомдон ашык суммадагы жаратылыш газын ашыкча чыгымдоо жана республикалык бюджеттен 49 миллион сомдон ашык бөлүнгөн каражатты сарамжалсыз пайдалануу боюнча башка мыйзам бузуулар аныкталды. Алдын ала берилген маалымат боюнча, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана “Токмок жылуулук” МИге жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражатты мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашык сумманы түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Мэр 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылдын августунда шайланган.
Кабинетке "агылган" акча. Санэпид кызматкерлеринин пара менен кармалган видеосу