"Сосновка" посту ачылып, транспорттун бардык түрү өтө баштады

Азыркы тапта жолчулар атайын техника менен жолду тазалап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда транспорттун бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-апрель саат 09:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалар каттамга коё берилди.
"Азыркы тапта жолчулар атайын техника менен жолду тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат. Күн бүркөк, бороон басыла элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу максатында кечээ, 17-апрель түнкү саат 02:00дөн тарта "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга, ал эми 14:40та жеңил машиналарга кошо убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылган. Тынымсыз тазалоонун аракетинде кечинде жеңил унаалар үчүн каттам ачылып, кыймыл жанданган.
Боомдо таш кулатылып, жол 5 күн бою маал-маалы менен жабылат