Радио

Исмаилова: баланы чоӊойгуча жөлөк пул менен багам деш туура эмес

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургүл Исмаилова аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилчү үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун берүү тартиби тууралуу айтып берди.
Sputnik
"Социалдык контрактынын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтомунда мамлекет менен социалдык келишим түзүлгөндөн кийин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жакынкы үч жылда жөлөк пул алуу укугунан ажыратылат. Муну уккан көп балалуу үй-бүлөлөр социалдык контракт алуудан баш тартышты. Бул тууралуу Нургүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер ата-эне балдарын жөлөк пул менен багам деп пландап, министрлик жумуш таап бергенде баш тартса, анда жаран базадан чыгарылат.
"Аз камсыз болгон үй-бүлө кичинекей баласын 16 жашка чыккыча мамлекеттик жөлөк пул менен багам дегени туура эмес деп эсептейм. Экинчиден, бекерпоз болуп, үйдө жумушсуз жаткан ата-энеден ошол балдар кандай таалим, тарбия алат? "Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" дегендей, алардын аӊ-сезими, келечеги кандай болот? Алар жакшы окуп, кесипке ээ болуп, жакшы жумушка орношуп, бул жашоодо ордун табабы же жалкоолукка батып кетеби деген көйгөй бар. Бүгүнкү күндө 16 жашка чейин берилип жаткан жөлөк пул аты айтып тургандай эле кыйын кырдаалда жөлөп-таяган, убактылуу берилүүчү каражат. Бул бир жылга гана дайындалат. Ар жыл сайын үй-бүлө адистерге арыз жазып, тиешелүү иштер жүргүзүлгөндөн кийин майнап чыкпаса чегерилет. Мисалы, учурда министрлик социалдык келишим долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөгө каражат бөлүп берет же жумушсуздарды кыска курстарда окутуп, жашаган жерине карап иш таап берүүгө көмөктөшөт. Эгер ата-эне балдарын "16 жашка чыкканга чейин мамлекеттик жөлөк пул менен багам, мен иштебейм" деп мерчемдеп алып, жогорудагы түзүп берген шарттардан баш тартса, анда жаран базадан чыгарылат. Демек, анын кандайдыр бир жумушу бар деп саналат. Былтыр социалдык келишим долбоору боюнча 2 800 үй-бүлө менен иш жүрдү. Анда 7-8 баласы барлар үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулунун акчасын эсептеп алып, социалдык контракт алуудан баш тарткандар болгон. Бирок башкалары келишим түзүп, 100 миӊ сомго иш ачып, жашоосун жакшыртып алгандар болду. Быйыл аларды көрүп, катышууга арыз жазгандардын саны арбын. Эгер үй-бүлө социалдык келишим боюнча алган каражатына баштаган иши бир аз убакыттан кийин артка кете турган болсо, тиешелүү адистер жардам бергенге аракет кылат. Мурда самын өндүрүп жатып ал болбой калып, эми айнек бөтөлкө чыгарам деп комиссияга кайрылса жаӊы жобого өзгөртүүлөрдү киргизип беребиз. Эгер таптакыр иш баштай албай жатса, анда алган сумманы мамлекетке которуп, келишимди буза алат. Эми бул адамдар социалдык келишимдин негизинде кирешеси көбөйүп, мамлекеттик жөлөк пулга муктаж болбой башка адамдарга жардам бергидей абалга келип калса экен деген тилек, үмүтүбүз бар. Ал эми алып барган ишинен майнап чыкпай, үч жылдан кийин кайра баягы абалына түшүп кала турган болсо мыйзам чегинде балдарына жөлөк пул чектөөгө арыз менен кайрылууга укугу бар", — деди Исмаилова.
Ал бир аймакта үй-бүлөгө жөлөк пул алып жашаган 100 үй-бүлөгө 10 квота берип, болушунча ар бир айыл аймакка бирдей мүмкүнчүлүк берүү каралганын кошумчалады.