Кыргызстан менен Россиянын аба коргонуучу бирдиктүү тутуму: максат жана каражаттар

Кыргызстан менен Россия Түштүк стратегиялык багыттан келген коркунучтардын алдын алып, орток аба-космостук мейкиндигин бекемдөө үчүн аба чабуулунан коргонуунун бирдиктүү регионалдык тутумун түзүүгө белсеништи.
Sputnik
Эки өлкөнүн мындай чечими бүтүндөй КМШнын Аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү тутуму технологиялык жактан түп-тамырынан бери өзгөрөрүн чагылдырат. Мындай пикирди карманган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар ушул кадамдын тегерегиндеги кептин учун чубаган.
РФ өкмөтү Кыргызстан менен Россиянын аба чабуулунан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашууну Мамлекеттик думага жана Федерация кеңешине ратификациялоого киргизүү үчүн президент Владимир Путиндин кароосуна койгон.
Мында сөз 2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында эки мамлекеттин лидерлери тарабынан кол коюлган документ боюнча жүрүүдө. Россия буга чейин ушундай эле макулдашууларды Казакстан (2013-жылы), Армения (2015-жылы), Беларусь (2016-жылы) жана Тажикстан (2021-жылы) менен түзгөнү белгилүү.
1995-жылдын февралында түптөлгөн КМШ өлкөлөрүнүн Аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү тутумун түп-тамырынан өзгөртүүнүн зарылдыгы эмнеде? Система бекемдигин айгинелей алды, бирок технологиялык түзөтүүлөрдүн кезеги жетти. Ушул тапта КМШнын Аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү тутумунда алты мамлекет, атап айтканда, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан калды.
Жакынкы жылдары аба чабуулунан/ракетадан коргонуучу тутумдарын заманга төп келе тургандай өрчүтүү жаатында чоң секирик да, ошол эле учурда ири жарыш күтөт. КМШнын Аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү тутумунун азыркы мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү, технологиялык жана структуралык заманбапташтырууну тездетүү, катышуучулардын жоопкерчилик жана функционалдык милдеттенмелерин так бөлүштүрүү зарылдыгы бар экени айдан ачык. Россиялык президент Владимир Путин бул туурасында алгач ирет 2013-жылдын ноябрында эле айткан эле.
КМШнын Аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү тутумун өзгөртүүнүн маңызы жамааттык коопсуздуктун стратегиялык багыттардагы Чыгыш-Европа, Кавказ жана Борбор Азия чөлкөмдөрүнүн аба чабуулунан коргонуучу жергиликтүү тутумдарын бириктирүүдө.
Жайбаракат кезде аталган мамлекеттердин аба чабуулунан коргонуучу тутумдары өз-өзүнчө иш алып барат. Түздөн-түз коркунуч туулган маалда бирдиктүү регионалдык системасын тескөө үчүн биргелешкен командачылык түзүлүп, союздаш мамлекеттердин аракеттерин Борбордук командалык пункт жөнгө салат.
Ынанымдуу базанын өзү эле реформалоонун ийгилигинин туура жарымы десек болот. КМШ Аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү тутумунун курамында азыр 19 авиациялык бөлүк, 38 зениттик ракеталык күчтөрдүн бөлүгү, 15 радиотехникалык күчтөр бөлүгү, аба чабуулдарынан коргонуучу тогуз бригада жана радиоэлектрондук күрөштүн үч бөлүгү бар.
Күч жана каражаттар төмөнкүлөрдү камтыйт:
"Днепр" (Казакстан), "Волга" (Беларусь), "Воронеж-ВП" жана башка радиолокациялык станциялар;
С-200, С-300 "Фаворит", С-350 "Витязь", С-400 "Триумф", С-500 "Прометей" зениттик ракеталык комплекстери жана системалары, ошондой эле "Панцирь-С1" ракеталык-замбиректик комплекси;
Истребителдик авиациянын Су-27, Миг-29, МиГ-31учактары, Су-25 чабуулдук авиациясы, ыраакка ылайыкталган Ту-22М3, Ту-160, Ту-95МС авиациясы, Ка-27, Ми-8 тик учактары.
Тутумду түзүүнүн өзгөчөлүктөрү
Кыргызстан менен Россиянын аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү регионалдык тутуму КМШнын Аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү тутумунун бөлүгү бойдон калышат, бирок Түштүк стратегиялык багытынан коркунуч жаралган убакта эч кандай бюрократиясыз саналуу мүнөттөрдө чара көрүүгө жол берет.
Кыргызстан менен Россиянын аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү регионалдык тутумундагы күчтөрдү жана аскердик бөлүктөрдүн курамын эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары бекитет. Макулдашуунун өз мөөнөтүндө Кыргызстан аскердик бөлүктөрдү жайгаштыруу үчүн Россияга 5 гектарлык аянт жер тилкесин кайтарымсыз негизде бермекчи.
Кыргызстандын коргонуу жөндөмүн чыңдоо Россиянын кызыкчылыктарына толугу менен жооп берет. Түштүк стратегиялык багыттагы коркунучтар Бишкек менен Москванын аскердик жана аскер-техникалык кызматташтыгын кызытат.
Мурдараак Россия Кант шаарындагы ЖККУнун базасын учкучсуздар жана аба чабуулдарынан коргонуу каражаттары менен жабдыган.
Эки өлкөнүн ортосунда Кыргызстандын алыскы чектерин С-300 зениттик ракеталык комплекстери менен чыңдоо да макулдашылды. Ал эми коопсуздуктун жакынкы зонасын "Панцирь-С1" көчмө зениттик ракеталык комплекстери бекемдемекчи.
Афган чек арасынан 600 чакырым аралыкта жайгашкан "Кант" биргелешкен авиабазасы – Россия менен Кыргызстандын, Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин узак мөөнөттүү кызматташтыгынын (ижара мөөнөтү – 2058-жылга дейре) негизи.
Он жыл оболу Москва менен Бишкек аскер-техникалык тармакта кызматташуу жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюшкан. Анын алкагында Россия Кыргыз Республикасына 1 миллиард долларга бааланган заманбап курал жана аскер техникасы менен жабдыйт.
The Economist журналы тегин жерден “Путиндин достору” деген рейтингинде Кыргызстанга ардактуу үчүнчү орунду ыйгарган эмес. КР Россиянын геосаясий союздашы, ЖККУга мүчө эмеспи.
КМШ мейкиндигинде аба чабуулдарынан биргелеше коргонуучу регионалдык тутумдардын күчү улам жогорулап баратканы Батыштын кыжырын кайнатат. Ал тараптын “куугунтукталган өлкөлөргө” же кайсы бир “диктаторлорго” абадан сокку уруу укугун сактап калгысы бар. Бирок көп полярдык дүйнө дал ошондой өкүмзардыкка жол бербейт.
Борбор Азия, Кавказ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө Аба чабуулунан коргонуучу бирдиктүү регионалдык тутумдары көп көйгөйлөрдү чечүүгө тийиш. Бирок дүйнөдөгү туруксуз аскердик-саясий кырдаал Евразия чөлкөмүндө Вашингтондун “эрежелерди” сактоого мажбурлоосунан жана НАТОнун күчтөрү менен “тартипти” киргизүү адатынан эч ким корголгон эмес. Андан көрө планетадагы коңшуларыңдын ошондой аракеттеринин мизин кайтарууга алдын ала камынып алганың оң.
КМШ өлкөлөрүнүн Аба чабуулунан коргонуучу регионалдык тутумдарынын уюштуруу-штаттык түзүмү РФ Коргоо министрлигинин спутниктик тобунун, мобилдүүлүк, эпчил, көзгө көрүнбөстүк, автоматташтыруу даражасы, октун күчү, жабыркатуучу зонанын кеңейтилиши, ошол эле учурда зениттик ракеталык комплексинин реакциясынын тездетилиши менен менен да өрчүп барат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Кыргызстан менен Россия абадан коргонуучу биргелешкен система түзүүгө белсенди
А. Жапаров "Газпром" компаниясынын жетекчилеринин бири менен жолукту. Эмне кеп болду