Пресс-борбор

"Өлбөс полк" Кыргызстандын кайсы жеринде өтөт? Бишкектеги программа

Бир катар шаарларда жана айылдарда жүрүш болору пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Маданият башкармалыгынын жетектөөчү адиси Адилет Абжалбек уулу калаадагы "Өлбөс полк" жүрүшүнүн программасы тууралуу айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы "Өлбөс полк" жүрүшү быйыл Кыргызстанда кандай өтөт?" деп аталган брифингге катышкан. Учурда Жеңиш майрамында салтка айланган "Өлбөс полк" акциясына даярдык жүрүп жатат. Бишкекте жүрүш 9-майда саат 10:00дө башталып, катышуучулар Түштүк дарбазадан "Жеңиш" аянтына чейин келишет.
Ал акциянын маанилүүлүгүн белгилеп, мэрия жыл сайын аны уюштурууга колдоо көрсөтөрүн айтты.
"Адаттагыдай эле жөө жүрүштү аскер чыгармаларын аткарган мэриянын дем берүүчү оркестри коштоп чыгат. Үн күчөтүүчү машиналар болот. Саат 12:00дө жүрүштүн катышуучулары "Жеңиш" аянтына келип калат. Ал жерде ата мекендик артисттердин катышуусунда толук масштабдуу концерттик программа уюштурулат", — деди мэриянын өкүлү.
"Өлбөс полктун" Кыргызстандагы координатору Зульфира Хайбуллина өлкөнүн башка аймактарындагы кырдаал боюнча айтып берди:
Ошто — убактысы такталууда;
Жалал-Абадда — облустук администрациянын имаратынын алдына саат 9:00дө чогулушат;
Кемин Талас, Каракол — даярданып жатат, кенен маалымат күтүлүүдө;
Ивановка, Ысык-Ата, Жаңы-Жер — саат 9:00дө башталат;
Бул жылы акцияга Баткен дагы кошулат.
Афган согушунун жана башка согуштук жаңжал ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев акцияга 55 миңден ашуун адам чыгат деген божомолун айтты.
Чотбаев: Кыргызстандагы эң ири массалык иш-чара — "Өлбөс полк" жүрүшү